Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-ноябры № 33/ 6
Кара-Тоо айылы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Семиз-Бел айылындагы бала бакчанын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинин капиталдык ремонттон ɵткɵрүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Семиз-Бел айылындагы бала бакчаны капиталдык ремонттон ɵткɵрүү боюнча үлүштүк (дем берүүчү) грант менен 3,280 ( үч миллион эки жүз сексен миң) сомго капиталдык ремонттон ɵткɵрүү жɵнүндɵгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ɵздүк салым үчүн 300,0 ( үч жүз миң ) сом айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндɵ Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Семиз- Бел айылындагы бала бакчанын имаратына капиталдык ремонттон ɵткɵрүү долбооруна каражат 2017-жылдын бюджетинен каралып, бɵлүнүп берилсин.
2. Долбоор жазылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн. Тѳрага: М.Букамбаев
Төрага | А. Рахманкулов |