Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу № 9/4
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу А. Алымбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин мыйзамдарына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүңүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата долбоор сметасы болжолдуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2018-жылга жергиликтүү киреше 2 034,8 (эки миллион отуз төрт миң сегиз жүз) сом, теңдештирилген грант 8 131,9 (сегиз миллион бир жүз отуз бир миң тогуз жүз) сом, баардыгы 10 166,7 (он миллион бир жүз алтымыш алты миң жети жүз) сомго.
-2019-жылга жергиликтүү киреше 2 163,8 (эки миллион бир жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом, теңдештирилген грант 8 424,8 (сегиз миллион төрт жүз жыйырма төрт миң сегиз жүз) сом, баардыгы 10 588,6 (он миллион беш жүз сексен сегиз миң алты жүз) сомго.
-2020-жылга жергиликтүү киреше 2 308,2 (эки миллион үч жүз сегиз миң эки жүз) сом, теңдештирилген грант 8 725,0 (сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң) сом, баардыгы 11 033,2 (он бир миллион отуз үч миң эки жүз) сомго.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул болжолдуу бекитилген сметага ылайык КР “Бюдеттик кодекси” мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүң башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Алымбаевага тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |