Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын IX-сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 4/9
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 300 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Ак-Муз айылынын ден-соолугунан жабыркаган жардамга муктаж төмөндөгү
тургундарына 150 000 сом берилсин:
Шамалова Бурулсунга 50 миң сом;
Темирбек кызы Элзатка 50 миң сом;
Чаарова Күлайымга 50 миң сом;
Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар, мүмүнчүлүгү чектелген тургундарына 120 000 сом;
Ак-Муз айылындагы Афган, Баткен, ЧАЭСтин катышуучуларына 30 000 сом;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |