Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 26-апрели № 6/1
Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” орто мектебинин мугалимдер жамаатынын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” орто мектебинин директору И. Абдыкапарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” орто мектебине “МЕРСИКО” уюму тарабынан каржыланып жаткан проектинин 50 пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |