Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 26-апрели № 6/3
Ак-Муз айыл аймагынын маданият үйүнүн спорт инструктору Сулайманкул уулу Туратбектин арызы жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын маданият үйүнүн спорт инструктору Сулайманкул уулу Туратбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатынан ичинен 20 000 сом акча каражаты Ак-Муз айылынын маданият үйүнүн спорт инструктору Сулайманкул уулу Туратбекке 2017-жылдын 12-майдан 24-майына чейин өтүүчү IV- Ислам оюундарына ушу санда (Саншоу) боюнча катышып келүүгө жол киреге бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдеттин аткаруучу А.Алымбаевага тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |