Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 30-майы № 7/3
Ак-Муз айылынын тургундары Мамытбекова Жылдыздын жана Кенжетаев Максатбектин өрөөнгө сарай, там салуу боюнча жазган арыздары жөнүндө
Ак-Муз айылаймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын тургундарына ар ким өз үлүш сарайынын контуруна гана там салууга уруксаат берилсин, айыл аймагынын өрөөнөндөгү эски земелянканын ордуларына уруксаат берүү токтотулсун деп кабыл алынган айылдык Кещештин 20.08.2015-жылдагы № 31/1 токтому күчүндө калсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |