Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 30-майы № 7/4
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 1 135 100 сом жана токой байлыктарын пайдалануудан түшкөн 147 500 сом жалпы 1 282 600 сом акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 1 135 100 сом жана токой байлыктарын пайдалануудан түшкөн 147 500 сом жалпы 1 282 600 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Айыл тургуну Имешова Венерага 90 000 сом;
Экологияга 10 000 сом;
Айыл аймагынын үлүш жерлеринин картасын алууга 35 000 сом;
Мектепке терезе жана өздүк салым үчүн 220 000 сом;
“Өмүкө” каналына эки көпүрө салуу үчүн 200 000 сом;
Мал камоочу жайдын долбоору үчүн өздүк салымга 100 000 сом;
Көчмө кыркындын долбоору үчүн өздүк салымга 50 000 сом;
Айылдык Кеңештин кабинетинин ремонтуна 100 000 сом;
Балдарды Республикалык мелдешке катышуу чыгымдарына 50 000 сом;
Айыл өкмөтүнүн ар түрдү чыгымдарына 427 600 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |