Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 08-июну № 8/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетине тартылуучу АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун 3-траншы жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “Мал чарбасын жана рыноку өнүктүрүү-1” долбоорунун 3-траншына жайыт комитети тарабынан төмөндөгү долбоорлор жазылып сунушталсын:
-Көчмө кыркын уюштуруу үчүн өздүк салымга 50 000 сом айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан бөлүңсүн;
-Айыл аймагына мал камоочу короого өздүк салымга 100 000 сом айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан бөлүңсүн;
-Өздүк салымдын жетпегени жайыт комитетинин бюджетинен берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |