Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын VI-сессиясы
2017-жылдын 05-июлу № 9/2
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2215 статьясына бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2215 статьясына бөлүнгөн 427 600 сом акча
каражатынан 131 682 сому айыл аймагынын төмөндөгү муктаждыктарына бөлүштүрүлсүн:
- Ү. Саалаевге соттун чечими менен 52 607 сом, 17/25 соц.фонко 9075 сом жалпы
61 682 сом;
- Айыл аймагына сатылып алынган кызматтык автомашинанын жана айыл чарба
техникаларынын укуктук документтерин бүткөрүүгө 20 000 сом;
Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж, мүмүнчүлүгү чектелген тургуну Кубаталиев Майрамбектин операциясына 25 000 сом;
Ак-Муз айыл өкмөтүнө боз үй алууга 25 000 сом;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |