Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 13
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 01-5/269 катын жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук сотуна “Ибн-Сина” акционердик коомуна караштуу даарыкананын имаратын акционердик коомдун мүчөсү (73 % акциялардын ээси) Масалиев Исхак Абсаматовичтин макулдугу менен өткөрүп берүүгө Кадамжай шаардык мэриясына уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |