Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 25-июлу № 13а
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи футболго шаардык кеңештин депутаттарынан турган команданын катышуусу жөнүндө
Кант шаарыдык кеңеши тарабынан уюштурулуп жаткан жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи футболго Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусун карап жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи футболго Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусу үчүн спорт оюндарына каралган акча каражаттан түзүлгөн сметага ылайык ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюдюжет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |