Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы.
2017-жылдын 01-августу № 16
Кадамжай шаарындагы № 76 Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлөмүнө машыгуу мунарасын куруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши 2016-жылдын 21-декабрындагы Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши тарабынан долбоорду бекитүү боюнча өткөрүлгөн кеңешмесинин протоколунун, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 28-июлундагы № 410 кайрылуу катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы № 76 Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнө машыгуу мунарсын курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |