Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы.
2017-жылдын 03-августу № 19
Шаардагы чоң жолдордун боюнда жайгашкан ишкана, соода сатык дүкөндөрү жана башка коммерциялык точкалардын санитардык абалын жакшыртып ондоо, түзөө жана шаардагы ички жолдорду иретке келтирүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардын чоң жолдорунун боюнча жайгашкан ишканалардын, соода сатык дүкөндөрдү жана коммерциялык (самсакана, навайкана ж.б.) точкалардын санитардык абалы начарлап кеткен. Ошондой эле шаардагы ички жолдордун абалы өтө начарлыгы бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендигин белгилеп, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков көчөсүнүн боюнда жайгашкан соода жайларында одоп түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Шаардын ички жолдорун иретке келтирүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
3. Муниципалдык жерлерге, мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү менен коммерциялык жактарга таза суу үчүн счетчиктерди коюу жагы ДМСтин башчысы Б.Искендеровко жана КПЭЖКХга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |