Загрузка документа…
КОК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кок-Сай айылдык аймактык Кенешинин V -чакырылышынын 23 сессиясы
2016-жылдын 28-апрели № 6
Кайнар айылынын үстүндөгү №432-433 чөйрө сызыгындагы мал дарылоочу купка куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
1. Кайнар айылынын үстүндөгү №432-433 чөйрө сызыгындагы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эски купканы капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кайнар айылынын тургуну Касымбеков Эмилбекке менчикке берип, өз эсебинен оңдоп калыбына келтирип иштетүү жагы колго алынсын.
2. Кайнар айылындагы №432-433 чөйрө сызыгындагы эски купканы жалпы отуз сотых жер аянты менен кой эчкилерди жуттан өткөзүүгө баардык шарттары бар мал камоочу короолорду жасап, ветеринардык талаптарга ылайык келтирип иштетилсин.
3. №432-433 чөйрө сызыгындагы 30 сотых жер айыл чарба жерлер категориясынын бош жайыт жерлер түрүнөн, курулуш ишин жүргүзүүгө (купка) салуу үчүн трансформациялансын.
4. Токтомдун аткарылышы жана тиешелүү иш кагаздарын бүтурүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Айталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Султаналиева Б |