Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык кеңешинин V -чакырылышынын 23 сессиясы
2016-жылдын 28-апрели № 11
Жайыт мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу малчы-фермерлерге айыптарды белгилөө жөнүндө
1. Жайыт комитети менен келишим түзбөстөн сырттан мал алып келген малчы-фермерлерге: ар бир баш мал үчүн кой-эчкиге 50 сом ири мүйүздүү мал жана жылкылар үчүн бир башына 200 сом өлчөмүндө айып акчасын салуусу белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин кенеши тарабынан сунушталып айылдык кенештин сессиясында бекитилген бааларга ылайык, жайыт акысын алдын ала төлөбөстөн өз алдынча тоого көчүп кетишкен малчы-фермерлерге: айып акысы бир баш майда мал жандыкка кой-эчкиге 50 сом, бир баш ири мүйүздүүгө бодо жана бир баш жылкыга 200 сом болуп айып өлчөму белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын жана акткаруу жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы: Джаманкулов А жүктөлсүн.
Төрага | Б. Султаналиева |