Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык кеңешинин V -чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 19-августу № 2
Кара-Буура малекеттик жаратылыш паркындагы өзгөчө корголуучу категориядагы жер аянтын багытын өзгөртүп айыл чарба багытындагы жер категориясына которуу жөнүндө
1. Көк-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт жер аянтына муктаждыгын эске алуу менен мамлекеттик жаратылыш паркынын чегин жогору аска-зоо менен чектеп алып өтүп, парктын жер аянтын азайтып, чийилген картанын негизинде Кара-Буура райондук мамлекеттик жаратылыш паркындагы өзгөчө корголуучу категорияга өтүп калган 25809 га жер аянтыбыздан Көк-Сай айылдык аймагына айыл чарба багытындагы жер категориясына 17431 га жерди багытын өзгөртүп которуп берүү жагы суралсын.
2. Айыл өкмөтүнөн түзүлгөн жети мүчөдөн турган комиссия курмаы баардык керектүү иш кагаздарды даярдап, жогорку инстанцияларга тапшырып, жердин багытын өзгөртүп, түзүп 17431 га жерди айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна кайтарып алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы комиссиянын төрагасы Чимканаев Асылбекке милдеттендирилсин.
Төрайымы | Султаналиева Б |