Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезексиз VII-сессиясы
2017-жылдын 10-майы № 34/7-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы №29/6-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 03.05.2017-жылындагы № 01-2/499 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 2 протоколдук чечимин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө 20.04. №29/6-7 сандуу токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2. Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнүн № 63 жана № 63 А дарегиндеги балдар бакчасы үчүн сатылып алынган имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, ишке берүү жөнүндө.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш. ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Иманалиев.Ж.Ж.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |