Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезексиз VII-сессиясы
2017-жылдын 10-майы № 35/7-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы №31/6-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негиздери” мыйзамынын 44- беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 03.05.2017-жылдагы №01-2/500 сандуу катынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук чечимин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы №31/6-7 сандуу токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2. 2016-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Талас шаарынын Бердике Баатыр, А.Оторбаев, А.Огонбаев, Ш.Шеркулов, Ж.Мырзалиев, И.Сарыгулов, Үмөт Молдо, Ж.Турсалиев, Токтогул, Э.Мадиев, Ч.Мамбетов атындагы областтык оорукананын көчөсүн жарыктандыруу үчүн электр жабдууларын алуу жана Бердике баатыр көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейинки И.Сарыгулов көчөсүнө лоток коюп, курчоо үчүн бөлүнгөн 500,0 сом жана Талас шаарындагы Ө.Шамбетов, Оторбаев жана Ү.Молдо, Подгорный көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдү оңдоо жана ички жолдорду жамоо иштерине бөлүнгөн 200,0 жүз миң сом, жалпы 700,0 сом акча каражаты Талас облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуу үчүн Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
3. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебиндеги 934,0 миң (тогуз жүз отуз төрт мин) сом акча каражаттын ичинен 500,0 мин сом Талас шаарынын Бердике Баатыр, А.Оторбаев, А.Огонбаев, Ш.Шеркулов, Ж.Мырзалиев, И.Сарыгулов, Үмөт Молдо, Ж.Турсалиев, Токтогул, Э.Мадиев, Ч.Мамбетов атындагы областтык оорукананын көчөсүн жарыктандыруу үчүн электр жабдууларын алуу жана Бердике баатыр көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейинки И.Сарыгулов көчөсүнө лоток коюп, курчоого жана 200,0 мин сом Талас шаарындагы Ө.Шамбетов, Оторбаев жана Ү.Молдо, Подгорный көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдү оңдоо жана ички жолдорду жамоо иштерине пайдаланууга макулдук берилип, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
4. Талас каржы башкармалыгына ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагын көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) жүктөлсүн.
Төрага | М.Есенкулов |