Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-августу № 01
Оро айыл аймагында “Берилл” ЖЧКсынын лицензиясына уруксат берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9- чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы Оро айылдык кеңешине “Берилл” корпорациясынын 08.08.2016-ж. корпорациянын директорунун орун басары Ч.Садыралиевдин кайрылуусун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛ АТ
1. ЖЧК “ Берилл” корпорациясы изилдөө иштерин жүргүзүү тууралуу 2016-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитетинин № 2-макулдашуу лицензиясын алгандыгына байланыштуу, Узун Ташты капчыгайындагы “Берилий” кенинин изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензиянын негизинде уруксат берилсин.
2. Изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн комиссия курамы бекитилсин жана изилдөө иштерин баштоодон мурда үч тараптуу келишим түзүлүп, бардык койгон талаптар эске алынсын.
3. Эгерде тараптардан мыйзам бузуулар болсо иш токтотулсун жана мыйзам чегинде жоопко тартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Акматов |