ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-августу № 02
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 33-сессиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер министринде 12.06.2016-ж. №11-2659 сандуу протоколун талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер министринде 12.06.2016-ж. №11-2659 сандуу протоколуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Акматов |