Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 08-ноябры № 01
Оро айылдык аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 19.04.2013-ж. № Б-14/1 буйругунун негизинде, Оро айыл аймагынын 22.04.2013-ж. № 25 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолборор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Оро айыл аймагынын Оро калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Оро айыл аймагынын Оро калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материадары бекитилсин.
2. Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Акматов |