Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 08-ноябры № 04
Оро айылдык кеңешинин 1Х- чакырылышынын кезектеги ХХХ1У-сессиясы, Оро айылдык аймагынын финансы экономикабөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын атайын каражатынын эсебине 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн “Кумуштак Майнинг” компаниясынан Оро айыл аймагынын Кыргызстан, 1-май жана Жон-Коргон айылдарына кайрымдуулук жардам катары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн түшкөн акча каражаты 2175000сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:
Мамлекеттик тейлөө кызмат бөлүмүнө;
2211 статьясына- 10300сом
2215 статьясына- 369000сом
3111 статьясына- 1603700сом
3112 статьясына- 192000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соц.фондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов бөлүнгөн акча каражатын өз багытында наттыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Б.Акматов |