Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 08-ноябры № 06
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-ж. №114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Оро айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Оро айылдык кеңештин 9-чакырылышынын 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Оро айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Б.Акматов |