Загрузка документа…
Жан – Булак айылдык КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-январы № 1
Жан – Булак айыл өкмөт башчысы Д. Шеримбековдун мектепке керектеле турган көмүр отунун тартылбагандыгы жөнүндө
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Р. Акунов кезексиз сессияны ачып күн тартибиндеги маселени депутаттарга тааныштырып бул маселе боюнча жооп берүүсүн өтүндү.
Жан – Булак айыл ѳкмѳт башчысы «Эскертүү» жазасын алды. Жогорудагы маселени карап чыгып талкуулап Жан – Булак айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015 – 2016 – жылдын күз – кыш мезгилине бюджеттик мекемелерди кѳмүр отуну менен камсыз кылууда Жан – Булак айылындагы А. Жутакеев атындагы мектепке керектеле турган кѳмүрдүн 187 – тонна кѳмүрдүн 130 тоннасы тартылбай калгандыгына байланыштуу ѳз ишине жоопкерсиздик мамиле жасагандыгы үчүн Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д. Шеримбековго «Эскертүү» жазасы берилсин.
- ЧП «Турсуниязова» фирмасына кѳмүр үчүн которулган акча каражатын ѳндүрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысы Д. Шеримбековго жана тендер ѳткѳрүү комиссия мүчѳлѳрүнѳ милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э. Омүрбековго жана айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенкановага тапшырылсын
Төрага | Р.Акунов |