Загрузка документа…
Жан – Булак айылдык КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
2016-жылдын 16-апрели № 4
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин «Зордук Зомбулукту алдын алуу» боюнча социалдык тапшырыктын алкагында «Элет айым» коомдук бирикмесинин «Ар бир үйдѳ тынчтык жана бейпилдик» Долбоорун ишке ашыруу боюнча Жан – Булак айылдык кенешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ар бир үйдѳ ата – энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
- Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүүлѳр жүргүзүлсүн.
- Жаш жубайлардын нике күбѳлүгүн үйлѳнгѳн куну беруу кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
- Айылдык молдолор ала – качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюу тыюу салынсын.
- Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз ѳткѳрүү колго алынсын.
- Айылдык дүкѳнчүлѳр тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
- Кѳзѳмѳлдѳѳ жагы аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, жаштар уюму, ѳкмѳттүк эмес уюмдарга, ден соолук комитетине жолдонсун. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин депутаты Атырова Кыялга тапшырылсын.
Төрага | Р.Акунов |