Загрузка документа…
Жан – Булак айылдык КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
2016-жылдын 31-майы № 5
Жан-Булак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Р.Акунов сессияны ачып айыл аймагынын административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Жобонун негизги максаттарын түшүндүрүп берүү үчүн Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Өмүрзаковго сөз берди.
Жогорудагы маселени карап чыгып талкуулап Жан-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- .Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо жактырылсын.
- Айыл өкмөтүнүн административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо жана комиссиянын курамы бекитилсин. (1-тиркеме)
- Бул токтомду мамлекеттик рээстрге киргизүү жана Жобону юстициядан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Омүрзаковго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары К.Атыровага тапшырылсын.
Төрага | Р.Акунов |