Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2016-жылдын 03-ноябры № 10/3
Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ «Раушан Учкун» бала бакчасынын жана «ТангаБийке-Бердике» бала бакчасынын ата-энелерден чогултулган бир жолку акча фонддун акчасын бекитүү жɵнүндɵ
«Раушан Учкун» бала бакчасынын жана «ТангаБийке-Бердике» бала бакчасынын ата-энелерден чогултулган бир жолку акча фонддун акчасын бекитүү максатта Учкун айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Раушан Учкун» жана «ТангаБийке-Бердике» бала бакчасынын ата-энелерден чогултулуучу бир жолку акча фонддун акчасы 500 сомдон бекитилип чогултулган акча каражаты бала бакчанын ɵздүк счетуна тɵгүлсүн, тамак-аш үчүн 400 сомдон бекитилсин. «Раушан-Учкун» бала бакчасына фонддун эсебинен түшкɵн акча каражаты «Мерсико» уюмунан алынып келинген кроваттарга жууркан тɵшɵк алганга 35000(отуз беш миң) сом акча каражаты жумшалсын.
2. «Раушан-Учкун» бала бакчасынын 1,5(бир жарым)га жеринин чɵбүнɵн түшкɵн 15000(он беш миң) сом акча каражаты бекитилсин. «ТангаБийке-Бердике» бала бакчасынын 2(эки)га жеринин чɵбүнɵн түшкɵн 7200(жети миң эки жүз) сом, эски чатырларын, эшиктерин саткандагы түшкɵн 15000(он беш миң) сом акча аражаты проектинин ɵздүк салымына жумшалсын.
3. Жогорудагы кɵрсɵтүлгɵн акча каражатынын ɵз максатына жумшалышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы «Раушан Учкун» жана «ТангаБийке-Бердике» бала бакчаларынын «Кɵзɵмɵлчү Кеңешине» милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | Ж. Осмоналиев |