Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2016-жылдын 03-ноябры № 11
Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Куланак айылындагы «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын акча каражатын кароо жɵнүндɵ
Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Куланак айылындагы «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын MSDSP КД жана ДИПЕКО уюму тарабынан ишке ашып жаткан проектинин бала бакчанын алдында түзүлгɵн «Кɵзɵмɵлчү Кеңеши» тарабынан чогултулган ɵздүк салымын бекитүү максатында Учкун айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын ата-энелеринин бир жылдык фондусу 60000(алтымыш миң) сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин
2. Учкун айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Калдарбек уулу Абайдын ɵзүнүн чɵнтɵгүнɵн демɵɵрчүлүк кылган 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты бекитилсин.
3. «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын жалпы эмгек жамаатынын 10000(он миң) сом малымы бекитилсин.
4. «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын мамлекеттик фондунан ижарага алган 2(эки)га жеринин чɵбүнɵн түшкɵн 7200(жети миң эки жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
5. «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын эски чатырын сатуудан түшкɵн 15000(он беш миң) сом акча каражаты бекитилсин.
6. Жогорудагы кɵрсɵтүлгɵн акча каражатын чогултулушун жана максаттуу пайдаланылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын алдындагы «Кɵзɵмɵлчү Кенешине» милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы «Танга Бийке-Бердике» бала бакчасынын башчысы Т.Токсобаевага милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизуу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | Ж. Осмоналиев |