Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 21
Курманалиева Марияга “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Курманалиева Марияга “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча шаардын жана Отбасаров көчөсүнүн тургундарынын сунушу боюнча Сүлүктү шаардык мэриясынын 15-март 2017-жылкы №02-10/01-224 сунушу туралуу Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаарынын калкынын саламаттыгын сактоо багытында кошкон зор салымдарын эске алып депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курманалиева Марияга “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |