Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 22
Карыбекова Зымратка “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Карыбекова Зымратка “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин мугалимдер жамаатынын, Т.Ибрагимов аймагынын жашоочуларынын сунуштары туралуу Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтуу сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаарынын билим берүү тармагына кошкон зор салымдарын эске алып депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Карыбекова Зымратка “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |