Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) V сессиясы
2017-жылдын 29-июну № 24
Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен ооруканасында Кыргыз Республикасынын “Кургак учук” Улуттук программасынын аткарылышы тууралуу
Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен ооруканасында Кыргыз Республикасынын “Кургак учук” Улуттук программасынын аткарылышы тууралуу оорукананын башкы дарыгери К.Мавляновдун, «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, ”Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” жана “Кургак учукка каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кургак учук” Улуттук программасы Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен ооруканасында талаптагыдай аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кургак учукка каршы 2017-жылы аткарыла турган комплекстик иш чаранын аткарылышын камсыз кылуу, Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен оорукананын жетекчисинен суралсын.
3. Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен ооруканасын материалдык техникалык жактан камсыздоо, кургак учукка каршы иш чараларды өткөрүү, оорукананын иштөө шартын жакшыртуу боюнча каражаттарды табуу Кыргыз Республикасынын “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын ченеминде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүү жагы кургак учукка каршы ооруканасынын жетекчисине сунушталсын.
4. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровдон жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Баймуратовдон Сүлүктү шаардык кургак учукка каршы райондор аралык бириккен ооруканасын кыскартпоо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламматыкты сактоо Министрлигине кайрылуу жагы суралсын
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынан, коомдук оз алдынча башкаруу органдарынан, тийиштүү мекеме, уюм жана ишканалардын жетекчилеринен кургак учукка каршы күрөшүү багытында иш жүргүзүү жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |