Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) V сессиясы
2017-жылдын 29-июну № 26
Чимген-Самат таза суу куурунан таза сууну пайдаланган Лейлек районунун жарандарына таза суунун баасын арзандатуу боюнча шаардын мэринин 12–июнь 2017-ж. № 02-10/02-644 каты тууралуу
Чимген-Самат таза суу куурунан таза сууну пайдаланган Лейлек районунун жарандарына таза суунун баасын 50% арзандатуу боюнча шаардын мэринин 12–июнь 2017-ж № 02-10/02-644 каты тууралуу шаардын вице-мэри Б.Ташевдин, (кат, сунуштар тиркелет) депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү жана өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиялардын билдирүүлөрүн угуп депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чимген-Самат таза суу куурунан таза сууну пайдаланган Лейлек районунун жарандарына таза суунун баасы 1 жылдык мөөнөткө 30% жеӊилдетилсин. (Чимген, Кара-Таш, Беш-Бала, Калта-Кол, Самат, Мурза-Патча)
2. Жогоруда аты аталган айылдардын тургундарынан таза сууга болгон төлөмдөрду толугу менен өндурүүну жана карыздарын төлөөну камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жагы Исфана шаардык мэриясынан суралсын
3. Токтомдун көчүрмөсү Исфана шаарынын мэриясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү жана өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |