Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) V сессиясы
2017-жылдын 29-июну № 27
Сүлүктү шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндөгү 20-январь 2017-жылкы №7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Бүтүн Кыргызстан” жана “Республика Ата Журт” фракцияларынын сунуштарын угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-статьясынын, Сүлүктү шаардык кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-майындагы №121 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча” туруктуу комиссиянын курамына “Бутун Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Халов Шамшиддин Каримовичтин ордуна “Бутун Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Шамшиев Малик Алибаевич киргизилсин.
2. Сүлүктү шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт” боюнча комиссиянын курамына “Республика Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мадаминов Кубанычбек Гапыровичтин ордуна “Республика Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Жумагулов Талантбек Абдыкулович киргизилсин.
Төрага | Т. Азизбеков |