Редакцияот 29.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) V сессиясы

2017-жылдын 29-июну № 28

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн 2016-жыл жана 2017- жылдын 5-айында аткарган иштери жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн 2016-жыл жана 2017-жылдын 5-айында аткарган иштери тууралуу шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн маалыматын, шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн, Баткен-Сүлүктү шаарлары жана Баткен-Лейлек райондору боюнча Мамэкотехинспекция башкармалыгынын 19-июнь 2017-жылкы №26-572/10 Актысын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31,32,33 беренелеринин, ”Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү укуктук ченемдик актыларынын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн 2016-жылда жана 2017 жылдын 5 айында аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп эсептелсин.

2. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн иштери талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн бөлүмдүн башчысы Ж. Араповго чара көрүү жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго сунушталсын .

3. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы жеке менчик турак уй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, муниципиалдык мүлктү жана жер участокторун сатуу, арендага берүү учун аукцион конкурстарды өткөрүү, турак жай фондусун менчиктештирүү жана турак жайга ордерлерди берүү боюнча бирдиктүү комиссиясынын жана муниципиалдык мүлк бөлүмүнүн ишиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп жыйынтыгын шаардык кенешке билдируу жагы шаардын мэри Р. Абдыназаровго милдеттендирилсин.

 4. Ижарага берилген жерлердин ижара акыларынын келишимдин негизинде жана мыйзам ченеминде өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыз кылуу жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык бөлүмүнүн башчысынан талап кылынсын.

 5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р. Абдыназаровго көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Азизбеков