Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги Vсессиясы
2017-жылдын 24-майы № 12
Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы бардддык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги V сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы билим берүү мекемелеринин иштери жөнүндөгүү маселе боюнча карап чыгып, талкуулап айылдык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-майындагы отрумунун № 5 -протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы бардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине комиссия тарабынан айтылган кемчилдиктерди жоюу жүктөлсүн.
3. Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы билим берүү мекемелеринин жамааты тарабынан суранган окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү максатында мектептерге заманбап техникалык жабдууларды алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен 350,0 миё сом ажыратуу каралсын.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин: “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |