Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги Vсессиясы
2017-жылдын 24-майы № 14
Кызыл-Кыштак айыылдык аймактагы “Шамшад-Суу” ИСКАКБга (СООППВга) жарандар тарабынан ичимдик суу үчүн төлөө акы, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө акы жана ичимдик суунун пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата жазаналардын баасын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кенештин кезектеги V сессиясы, күн тартибиндеги: айылдык кеёештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун чечимдерин кароо жөнүндөгү маселенин, Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы “Шамшад-Суу” ИСКАКБ (СООППВ) тарабынан ичүүчү суу үчүн төлөө акы, көрсөлүтүчү кызматтардын жана ичүүчү суунун пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата жазаналардын баасын (тарифин) бекитип берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 15-майындагы отрумунун № 4-протоколунун чечиминин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыылдык аймактагы “Шамшад-Суу” ИСКАКБга (СООППВга) жарандар тарабынан ичимдик суу үчүн төлөө акы, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө акы жана ичимдик суунун пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата жазаналар (штрафтар) төмөндөгүдөй баада (тарифте) бекитилсин:
а) Ичимдик суу үчүн жана көрсөтүлгөн кызматтар тарифи:
Калкка, (эсептегич боюнча) 1 куб метр сууга төлөө – 10 сом 70 тыйын,
Негизги ичимдик суу түтүгүнө уланууга уруксат алуу жана улаштырып берүү кызматына (1 түйүнгө) – 3000,0 сом,
Саркынды суу түтүгүнө (канализацияга) улангандарга кошумча төлөө ар бир адамга – 8 сом 54 тыйын,
б) Ичимдик суунун пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата жазаналар:
Уруксатсыз суу түтүктөрүн казууга – 2000,0 сом,
Уруксатсыз суу түтүгнө улап алганга - 5000,0 сом,
Винтили жок колонкага – 1000, сом,
Автоунаа жууганга – 1000,0 сом,
Өсүмдүктөрдү (огород) суугарганга – 1000,0 сом,
Суу насосун улаганга – 3000,0 сом.
2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин: “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына” жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |