ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 06-январы № 1/1
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын полномочиелерин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-18-статьяларына ылайык Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Ылай-Талаа айыл аймагынан 2016-жылдын 11-декабрь күнү шайланган 21 депутаттардан турган Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин депутаттарынын полномочиелери бекитилсин.
Төрага | С.Карабаев |