ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу II сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 17-январы № 2/3
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 48,49-беренелеринин жана “Айыл Өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы кызмат орунуна сунуш кылынган талапкерлерди талкуулап көрүп Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
I. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы кызмат орунуна төмөндөгүлөр көрсөтүлсүн:
1.Баатыров Каныбек Маришович 1967-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку, кесиби инженер-механик, муницпалдык кызматта 18 жылдык стажы бар. Айыл аймагында 1967-жылдан бери жашайт, азыркы учурда Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп иштейт.
II.Бул токтом Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | С.Карабаев |