Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу II сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 17-январы № 1/1
Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл ӨкмөтүнүнбашчысыК.Баатыровдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
-калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону жөнгө салуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеёешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | С.Карабаев |