Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы № 1/2.1
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3.4 –пунктуна Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга долбоору жөнүндөгү”Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысыА.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджети боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 9773.3миңсомго, чыгаша бөлүгү 9744.1миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2017-жылга 9837.4миңсом ,чыгаша бөлүгү 9837.4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой өндүрүштүк көлөмдөрүн, баалардын деңгээлдеринин инфляциянын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңешинин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы(У.Ажимаматовго)тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |