Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектегиI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышы
2017-жылдын 21-январы № 1/2.2
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин атайын төлөм каражаттары боюнча аткарылышы жана 2017-жылга долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3.4 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин атайын төлөм каражаттары боюнча аткарылышы жана 2017-жылгадолбоору жөнүндөгү”Ылай-Талаа айыл ӨкмөтүнүнФинансы Экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы атайын төлөм каражатынын кирешебөлүгү 1209.1миңсомго,чыгашабөлүгү 1209.1миңсомгоаткарылгандыгыбелгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн атайын төлөм каражатынын киреше менен чыгаша бөлүгү 2017-жылга 1168.0миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабылалынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой өндүрүштүк көлөмдөрүн, баалардын деңгээлдерини инфляцияны деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңешинин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билимберүү, коммуналдык менчик, саламаттыктысактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы(У.Ажимаматовго)тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |