Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектегиI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышы
2017-жылдын 21-январы № 2/2
Талаа айыл аймагынын 2017-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун айыл аймагынын 2017-2020-жылдарга социалдык-экономикалык ж өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, айыл аймагынын тургундарынын жашоо тиричилик шарттарын жакшыртуу, айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын 2017-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы бекитилсин.
2. Стратегиялык планда камтылган аткарылууга тийиш болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу айыл аймагынын экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеёешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |