Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 29 - февралы № 2/3
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин » Зордук зомбулукту алдын алуу» боюнча социалдык тапшырыгынын алкагьшда « Элет айым» Коомдук Бирикмесинин « Ар бир айылда тынчтык жана бейпилдик долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министирлигинин « Зордук зомбулукту алдын алуу боюнча социалдык тапшырыгынын алкагында « Элет айым» Коомдук Бирикмесинин « Ар бир айылда тынчтык жана бейпилдик долбоорун ишке ашыруу боюнча Ак-Кудук айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылындагы ата-энесиз, жакындарынын-колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын.
2. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Жаш жубайлардын нике күбөлгүн алуу жана берүү көзөмөлгө алынсын.
4. Айылдык молдолор ала-качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюуга тыюу салынсын.
5. Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз өткөрүү көлгө алынсын.
6. Ак-Кудук айыл аймагындагы айылдардын дукондору тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка төлө элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, жаштар уюму,өкмөттук эмес уюмдарга, ден-соолук комитетине жолдонсун.
8. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин депутаты С.Жумабековго тапшырьшсын.
Төрага | З.Алдакеев |