Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 31-майы № 4/1
Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомуна ылайык жана 12.07.2016-жылдагы №11-17 протоколунун аткаруу максатында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин эмгек акысын жана башка чыгымдары төлөп берүү боюнча типтүү келишимди бекитип берүү боюнча сунушун кароо.
Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимдин негизинде жетектөөчү адистин штаты бекитилсин.
2. Типтүү келишимде көрсөтүлгөн жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине которуп беришсин жана мыйзам чегинде чыгымдалышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтунө милдеттендирилсин.
Төрага | З.Алдакеев |