Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын I сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 27-4
Типтүү Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Уч- Коргон айыл Кеңешинин уюштуруу документтерин КР мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 16-июлундагы КР “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 65-беренесинин негизинде Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Регламентти өзгөртүү жана толуктоого төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн
Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы
-Сыдыков Нусупбек
Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, ивестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрагасы
-Акимбаев Алмаз
-Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы
-Жакыпбеков Аскар
Мыйзамдуулукту сактоо, укуктук тартип, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш транспорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссия төрагасы
-Мамыралиев Ербол
Кеңештин чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы , мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарга белгиленген учурларда , кеңешти каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Токтомдун аткарылышын Уч-Коргон айылдык аймактык кеңешинин төрагасы М.И Уметалиевге жүктөлсүн
Төрага | М.Уметалиев |