Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын I сессиясы
2017-жылдын 28-февралы № 27-9
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттары Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровдун 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмү тууралуу отчетун угуп, талкуулап карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү айыл өкмөтүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча бөлүгү 11306,7миң сом жана чыгашалар боюнча 11306,7миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант 3268,7миң сом, атайын эсеп (спец счет) 1270 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 6768миң сом
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт
4. Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, өзгөртүү киргизүү үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия тарабынын каралгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго милдеттендирилсин.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн. (айлык акы, соц. фонд, тамак –аш жана коммуналдык чыгымдар)
6. ТЖКЧ чарбасында иш алып баруу үчүн 10 штаттык бирдик жана Архивариус кызматына 0,3 штаттык бирдик ачылсын.
7. ТЖКЧ чарбасында иш алып баруу учун 497.7миң сом акча каражаты каралсын
8. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттен 220,0миң сом накталай акча каражаты бөлүнүп берилсин
9. Резервдик фонддон 80,3 миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн
10. А. Джолдошбеков мектебинин түрткү берүүчү грантына өздүк салым катары 782,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
11 Билим берүү бөлүмүнө мектептердин ремонт ж.б ар кандай чыгымдарына 350,0 миңсом акча каражаты бөлүнсүн
12. Социалдык тейлөө чөйрөсүнө 250,0 миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн
13. Спорт чөйрөсүнө сметадан бөлүм ачылып 85,0миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн.
14. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башка ишканалар менен болгон иш-чаранын негизинде келип чыккан акт-сверкалардын негизинде кредитордук карызды жабуу үчүн 350,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
15. Кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында маданият жана билим берүү бөлүмүнө көмүр алууга 240,0миң сом бөлүнүп берилсин
16. Айыл өкмөтүндө келишим менен алынган кызмат кылган автоунаага 100,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
17. Калган акча каражаттар чечмеленген сметанын негизинде бөлүнүп берилсин
18. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы каралган штаттык бирдик боюнча келишим түзүү жана каржылоо жагы милдеттендирилсин.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго милдеттендирилсин
Төрага | М.Уметалиев |