Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 21/2
“Датка-Кемин” 500квт электр өткөрүүчү линиясын куруу үчүн убактылуу жол салууга жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2013-жылдагы “Датка-Кемин” 500 квт электр өткөрүүчү линиясын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №148 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 16.07.2013-жылдагы №252-б буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13,25 жана 62 беренелерин жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Датка-Кемин” 500 квт электр өткөрүүчү линиясынын түркүктөрүн куруу үчүн Чолпон айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба жерлеринин узундугу 4607м жана жалпы 11602,5м.кв. жер аянты убактылуу жол салынгандыктан , аталган жер аянттары айыл чарба жер аянттарынан өнөр жай,транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформация) которууга жана мөонөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтомуна ылайык Жер отчетуна өзгөртүү киргизип,укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынан жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышн көзөмөлгө алуу жагы айыл окмөтүнүн жер боюнча адиси А.карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Жапаров |