Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июлу № 24
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргызмамжердолбоор” МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 18.07.2016-ж №01-7/341 сандуу аныктамасынына таянып, Баткен-Кызыл-Бел авто жолуна шагал төшөөгө шагал алуу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы бош жаткан таштак 1,50 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы бош жаткан таштак 1,50 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |