Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 25
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүнүдө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы, С. Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара - Бак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүүгү 1248,2 мин сом суммасында бекитилсин.
Салыктык эмес кирешелер:
1. Жергиликтүү бюджеттин КБФ ижара акысы 639,3 миң сом
2. Элдүү конуштардан ижара акы 70,5 миң сом
3. Ата-Энелер взносы 538,4 миң сом
1248,2 миң сом
2. 2016-жылдын 3-кварталына карата, ижара акынын эсебинен жана башка киреше булактарынан:
- Кызыл -Бел айылынын таза суу боюнча проектиси үчүн, аппараттын 22154900 статьясына 160,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп которулуп берилсин.
- 2016-жылдын 3-кварталына карата, аппараттын 22154900 статьясынан 37,7 мин сом кыскартылып аппараттын 22221200 статьясына 37,7 м.сом кошулсун.
- 2016-жылдын 2-кварталына карата, аппараттын 22221100 статьясынан 166,8 мин сом кыскартылып, 22221200 статьясына 166,8 миң сом кошулсун.
- 2016-жылдын 3-кварталына карата, аппараттын 22154900 статьясынан 265,0 мин сом кыскартылып, ушул эле аппараттын 22221200 статьясына 240,0 миң сом, ал эми балдар бакчасынын 22111100 статьясына 25,0 мин сом кошулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С. Курбановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |