Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июлу № 29
Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы “Айыл чарба багытындагы жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы мурда курулган кыз-келиндер Медресесинин 0,15 га жер аянтын мыйзамдаштыруу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы мурда курулган кыз-келиндер Медресесинин Айыл чарба багытындагы 0,15 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Каламбеков |